Европа Биримдигинин уюмдары «климаттык мыйзам» сүйлөшүүлөрүндө макулдашууга жетишти

ЕБ өлкөлөрү 2030-жылга чейин парник газдарынын бөлүнүшүн 1990-жылдагы деңгээлден 55 пайызга төмөндөтөт.

1625613
Европа Биримдигинин уюмдары «климаттык мыйзам» сүйлөшүүлөрүндө макулдашууга жетишти

Европа Биримдигинин (ЕБ) Комиссиясы Европа Парламенти (ЕП) менен Европа Кеңешинин климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча «климаттык мыйзам» сүйлөшүүлөрүндө макулдашуу түзүлгөнүн жарыялады.

Демек, ЕБдин 2050-жылга чейин климатты бейтарап кылуу максаты юридикалык жактан милдеттүү болот.

Бул максатка жетүү үчүн мүчө өлкөлөр жана ЕБ институттары керектүү чараларды көрүшөт.

ЕБ өлкөлөрү 2030-жылга чейин парник газдарынын бөлүнүшүн 1990-жылдагы деңгээлден 55 пайызга төмөндөтөт.

15 тажрыйбалуу илимпоздон турган көзкарандысыз «Европалык илимий консультативдик кеңеш» түзүлөт.

Бул кеңеш ЕБнин климаттын өзгөрүшү жана айлана-чөйрөнү коргоо чаралары, абага зыяндуу заттардын таркатылышын азайтуу, Париж Климаттык келишими боюнча милдеттенмелерди аткаруу боюнча докладдарды даярдап, илимий кеңештерди берет.

Европа Биримдигинин Комиссиясы 2040-жылга карата зыяндуу заттардын көлөмүн кыскартуу боюнча мыйзамдык сунушту тез арада даярдайт жана ар кандай тармактардын климаттык көрсөткүчтөрүнө жетишүүгө өбөлгө түзгөн жол карталары менен иштейт.

Келишим күчүнө кириши үчүн, ал ЕБ Кеңеши жана Европа Парламенти (EП) тарабынан расмий түрдө бекитилип, ЕБнин Расмий гезитинде жарыяланууга тийиш.

Европа Биримдигинин эмиссиясын кыскартуунун мурунку максаты 1990-жылдагы деңгээлден 2030-жылга чейин 40 пайызга кыскартууга багытталган.

ЕП бул ченди 60 пайызга чейин көтөрүүнү каалаган. Ал эми мүчө өлкөлөр өз сүйлөшүүлөрүндө 55 пайызга макул болушту.

Каралып жаткан келишим АКШ тарабынан уюштурула турган климаттык саммитке чейин ишке ашканы көңүлдү бурду.



Тектеш кабарлар