АКШда полиция Африка тектүү 16 жаштагы кызды өлтүрдү
АКШнын Огайо штатында полиция кызматкерлери Африка тектүү 16 жаштагы кызды өлтүрдү.
АКШнын Огайо штатында полиция кызматкерлери Африка тектүү 16 жаштагы кызды өлтүрдү. Огайо штатынын Коломбус шаарында бычактуу чыр - чатак тууралуу кабар алган полиция аракетке өттү.
Окуя болгон жерге барган полиция качууга аракет кылган кыздарга ок атты. Ок тийген 16 жаштагы Макиях Брайант бардык жардамдарга карабастан алып барылган ооруканада каза болду. Полиция окуя тууралуу камерага тартылган видеону жарыялады.
Жергиликтүү маалымат каражаттарында орун алган кабарларда Брайант өзүнө кол салган чоңдордон коргонуу үчүн колуна бычак алгандыгы, бирок полициянын окуя болгон жерге барышы менен бычакты таштагандыгы маалымдалды.
Брайанттын үй-бүлөсү полиция кызматкерлери жаш кызды эч кандай эскертүүсүз эле атып салышканын айтышты.
Окуя тууралуу териштирүү баштатылып, полициянын зомбулугуна нааразычылык билдирген адамдар көчөлөргө чыгышты жана шаардын коопсуздук директорлугунун алдына чогулушту.
Тектеш кабарлар
НАТО өлкөлөрү Украинага абадан коргонуу системалары тууралуу жардам берет
НАТО - Украина кеңеши коргоо министрлеринин деңгээлинде онлайн жыйын өткөрдү.