АКШнын кайрадан Ооганстанга аскер жөнөтүү планы жок

Кирби күнүмдүк маалымат жыйында суроолорго жооп берди.

1624649
АКШнын кайрадан Ооганстанга аскер жөнөтүү планы жок

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Коргоо министрлигинин (Пентагон) басма сөз катчысы Жон Кирбинин айтымында, америкалык аскерлер чыгып кеткенден кийин АКШ кайрадан Ооганстанга антитеррордук бөлүктөрүн жибериши мүмкүн эмес.

Күнүмдүк маалымат жыйында, АКШ чыгып кеткенден кийин Ооганстандагы кырдаал курчуп кетсе аймакка антитеррордук бөлүктөрүн жөнөтүү мүмкүнбү деген суроого Кирби: «Кабул өкмөтү менен терроризмге каршы күрөшүү күчтөрүнүн кайрадан Ооганстанга жайгаштырылышы ыктымалдуулугу боюнча эч кандай сүйлөшүү болгон жок. Ооганстанда пайда боло турган коркунучтарга каршы аймакта жетиштүү аскерлерибиз болот», -деп жооп берди.

Ооганстанга кайрадан аскер жиберүү пландарынын жок экендигин баса белгилеген Кирби: «Биздин дүйнө жүзү боюнча терроризмге каршы күчтүү мүмкүнчүлүгүбүз бар», деди.

АКШнын президенти Жо Байден 1-майдан тарта АКШнын Ооганстандагы бардык күчтөрүнүн 2021-жылдын 11-сентябрына чейин чыгып кетерин жарыялаган болчу.



Тектеш кабарлар