Орусиянын согуштук учагы АКШ жана Норвегиянын согуштук учактарына бөгөт койду

Бул тууралуу Россиянын Коргоо министрлигине караштуу Улуттук Коргоо борборунун маалыматы бөлүшүлдү.

1624324
Орусиянын согуштук учагы АКШ жана Норвегиянын согуштук учактарына бөгөт койду

Россиянын согуштук учагы чек арага жакындап келе жаткан АКШ  жана Норвегиянын патрулдук учактарын бөгөттөдү.

Россиянын Коргоо министрлигине караштуу Улуттук Коргоо борборунун билдирүүсүндө, Баренц деңизинин үстүнөн  Орусиянын чек арасына жакындап келе жаткан 2 учактын радар менен аныкталышынан кийин Түндүк Флотунан «Россиянын Миг-31» үлгүсүндөгү согуштук учактын аймакка жиберилгенинин маалыматы бөлүшүлдү.

Билдирүүдө, «Миг-31 согуштук учагы абадагы буталарды аныктоо жана Россия Федерациясынын мамлекеттик чек арасынын бузулушун алдын алуу үчүн учурулду. Орус экипажы АКШнын аскер-деңиз флотуна таандык  «П-8А Посейдон» жана Норвегиянын Аба күчтөрүнө таандык «P-3C Orion» үлгүсүндөгү патрулдук учактарын аныктады жана Баренц деңизинин үстүндө коштоп учту»,деген маалымат берилди.

Патрулдук учактар ​​Россиянын чек арасынан кайтып кеткенден кийин орусиялык учактын аэропортко аман-эсен кайтып келгендиги белгиленип, сөз болуп жаткан учактардын Россия Федерациясынын мамлекеттик чек араларын бузуусуна жол берилбестиги баса белгиленди.

Билдирүүдө орусиялык истребитель учактары аба мейкиндигин пайдалануу боюнча эл аралык эрежелерди так сактоо менен өз милдетин так аткаргандыгы айтылган.



Тектеш кабарлар