Мьянмада оппозициячыл депутаттар Жарандык өкмөттүн АСЕАНда өкүлдүк кылуусун талап кылышты

Саясий туткундарга жардам берүү уюму (AAPP) жарыялаган күнүмдүк отчетко ылайык, Мьянмада акыркы 24 сааттын ичинде дагы 7 адамдын курман болгону тастыкталды.

1623831
Мьянмада оппозициячыл депутаттар Жарандык өкмөттүн АСЕАНда өкүлдүк кылуусун талап кылышты

Мьянмадагы аскердик төңкөрүшкө жана шайланган өкмөт мүчөлөрүнүн кармалышына каршы нааразычылык акциясында, коопсуздук күчтөрүнүн куралдуу кийлигишүүсүнүн натыйжасында каза болгондордун саны 737ге жетти.

Саясий туткундарга жардам берүү уюму (AAPP) жарыялаган күнүмдүк отчетко ылайык, Мьянмада акыркы 24 сааттын ичинде дагы 7 адамдын курман болгону тастыкталды.

Жалпы адам өлүмү 737 деп жаңыланса, төңкөрүштөн бери 3 миң 229 адам кармалгандыгы катталды.

930 адамды камакка алуу тартиби дагы эле уланып жаткандыгы айтылды.

Экинчи жагынан, Аскердик төңкөрүшкө каршы оппозициячыл депутаттар тарабынан түзүлгөн Улуттук Ассамблеянын Өкүлчүлүк комитети (CRPH), аскердик администрацияга каршы түзүлгөн «Жарандык өкмөттүн» Мьянма кризисин талкуулоо үчүн 24-апрелде Индонезияда өтө турган Түштүк-Чыгыш Азия улуттар ассоциациясынын (АСЕАН) лидерлеринин саммитинде өкүлдүк кылуусун талап кылды.

Жарандык өкмөттүн өкүлү Мо Зав Оо «Америка Үнүнө» кайрылып: «Эгерде АСЕАН Мьянмадагы кырдаалды жөнгө салгысы келсе, анда эл тарабынан колдоого алынган Улуттук Биримдик Өкмөтүн сүйлөшүүлөргө киргизмейинче эч нерсе ишке ашпай тургандыгын билиши керек»,-деди.

Зав Оо, жарандык өкмөттөн өкүлдөрдүн чакырылышы аскердик төңкөрүштүн ийгиликтүү болбошу үчүн маанилүү экендигин баса белгилеп: «Азырынча бул маселе боюнча биз менен АСЕАН байланышка чыккан жок. Биз бул маселени кылдаттык менен кароону талап кылабыз»,-деп айтты.

CRPH, 16-апрелде Мьянмадагы аскердик өкмөттү мыйзамдуу деп эсептебей тургандыгын жана жалпы элдик добуш менен шайланган адамдардан турган Улуттук Биримдик Өкмөтүнүн атынан «жарандык өкмөттү» түзгөндүгүн жарыялаган.

Жарандык өкмөттүн кабинетинде 1-февралдагы төңкөрүшкө чейин кармалган Мьянманын мурунку президенти Вин Минт «мамлекет башчысы» катары орун алса, өлкөнүн мурунку иш жүзүндөгү лидери Аун Сан Су Чжи «Мамлекеттик кеңешчи» болуп дайындалган.



Тектеш кабарлар