Египет Газа чек арасындагы тоннелдерди кулатты

Армиядан берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Чек ара коргоочулары өткөн айда өлкөнүн Газа чек арасында 5 тоннелди аныктаган.

1624109
Египет Газа чек арасындагы тоннелдерди кулатты

Египет армиясы өткөн айда Газа  чек арасындагы 5 тоннелди кулатты.

Армиядан берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Чек ара коргоочулары өткөн айда өлкөнүн Газа чек арасында 5 тоннелди аныктаган.

Маалыматта бул тоннелдердин кулатылгандыгы белгиленип, өзгөчө март айында түрдүү улуттардан 2 750 мыйзамсыз мигранттын мыйзам тышы миграция жана өлкөгө кирүү аракеттеринин алдына алынгандыгы билдирилди.

Египет башкаруусу 2020 -жылдын апрель айынан бери өлкөсүнүн Израильблокадасы астындагы Газа тилкесинин түндүк чыгыш чек арасына «террордук элементтердин киришин токтотуу; курал жана ок- дарылардын аткезчилик менен ташылышына жол бербөө» үчүн буфердик аймак түзүүдө.

Египет географиялык абалынан уламГреция, Италия жана Франция жана башка айрым Европа өлкөлөрүнө мыйзамсыз миграцияда бир өткөөл өлкө катары колдонулууда.



Тектеш кабарлар