Эквадордун жаңы президенти Гильермо Лассо

Эквадордун Улуттук Шайлоо Кеңешинин билдирүүсүнө ылайык, оппортунисттик саясий кыймылдын (CREO) оңчул талапкери Лассо расмий түрдө Эквадордун жаңы президенти болуп шайланды.

1623999
Эквадордун  жаңы президенти Гильермо Лассо

Түштүк Американын Эквадор өлкөсүндө президенттик шайлоодо жеңип чыккан оңчул талапкер Гильермо Лассонун жеңиши расмий таанылды. Лассо шайлоодо 52,52 пайыз добуш алган.

Эквадордун Улуттук Шайлоо Кеңешинин билдирүүсүнө ылайык, оппортунисттик саясий кыймылдын (CREO) оңчул талапкери Лассо расмий түрдө Эквадордун жаңы президенти болуп шайланды.

Улуттук Шайлоо Кеңешинин расмий жыйынтыгы боюнча, Лассо 4 миллион 656 426 добуш алды, ал эми анын атаандашы, Үмүт Биримдиги (ЮНЕС) коалициясынын талапкери солчул Андрес Арауз 4 миллион 236 515 добуш менен 47,64 пайыз бойдон калды.

Эквадордун жаңы президенти Лассо Twitter аркылу эквадордуктарга ыраазычылык билдирди.

Эквадордогу акыркы президенттик шайлоодо 2017-жылдын 3-апрелинде, экинчи турда солчул партиянын талапкери Ленин Морено жеңип чыккан.

Лассо мурунку шайлоодо экинчи турда Мореного аз айырмачылык менен уттурган.



Тектеш кабарлар