Ооганстанда куралдуу кол салуудан 8 киши курман болду

Нангархардын губернатору Зиаулхак Амархил белгисиз адамдар провинциянын Сараце Али Хан районундагы үйгө куралдар менен кол салгандыгын жарыялады.

1623436
Ооганстанда куралдуу кол салуудан 8 киши курман болду

Ооганстандын чыгышындагы Нангархар провинциясындагы куралдуу кол салуудан 8 жаран каза болду.

Нангархардын губернатору Зиаулхак Амархил белгисиз адамдар провинциянын Сараце Али Хан районундагы үйгө куралдар менен кол салгандыгын жарыялады.

Кол салууда үйдөгү 8 жарандын өмүрү кыйылганын белгилеген Амархил, кол салгандардын качканын айтты.

Азырынча кол салуу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек.

Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстандагы Миссиясы (UNAMA) 14-апрелде Ооганстанда 2021-жылдын биринчи чейрегинде 573 жай тургун курман болгонун жарыялады.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жарандык өлүмдөрдүн 29 пайызга өскөндүгү айтылган билдирүүдө бул өлүмдөрдүн 43,5 пайызына Талибан, 17 пайызына өкмөттүк топтор, 5 пайызына террордук уюм ДЕАШ күнөөлүү, калган бөлүгү үчүн мамлекетти колдогон топтор.

Өлкөдөгү зомбулукту токтотуу үчүн тынчтык аракеттери уланууда.



Тектеш кабарлар