Канада:«Вакциналар менен варианттардын ортосундагы согушта биз утулуп жатабыз»

Канаданын эң ири провинциясы Онтариодо оорулардын саны июнь айына чейин 600 пайызга жогорулашы мүмкүн.

1623446
Канада:«Вакциналар менен варианттардын ортосундагы согушта биз утулуп жатабыз»

Канаданын эң ири провинциясы Онтарионун аймактык президенти Даг Форд, коронавирустун жаңы түрүнүн  (Ковид-19) көрсөткүчкө эң жогорку чекке жеткени боюнча, «Вакциналар менен варианттардын ортосундагы согушта биз утулуп жатабыз»,-деди.

Провинциядагы оорулардын саны июнь айына чейин 600 пайызга жогорулашы мүмкүн экендиги айтылса, Даг Форд вакциналар менен мутация варианттарынын ортосундагы согушта жеңилип баратышканын белгилеп: «Эгер биз чечкиндүү болсок, анда биз муну өзгөртө алабыз»,-деди.

Канаданын Федералдык Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өткөн аптада өлкө боюнча 23 миң 313 болгон Ковид-19 өлүмү 278ге көбөйүп, 23 миң 591ге жетти.

Ковид-19 вакцинасынын биринчи дозасы бүгүнкү күнгө чейин өлкөдөгү 9 миллион 775 миң 267 кишиге жасалды. Өлкө боюнча толук эмдөөдөн өткөн адамдардын саны 880 миң 60 экени айтылды.

Ковид-19га каршы көрүлүп жаткан жаңы чаралардын алкагында, Онтарио полициясы айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү токтотуп, алардын себептерин жана даректерин сурай алат.

Ушундай шартта, чектөөлөрдү сактабаган адамдарга 600 доллар айып пул салынат.



Тектеш кабарлар