Россия Украинанын Санкт-Петербургдагы консулун камакка алды

Сосонюктун аты аталбаган орус жаранынан коопсуздук бөлүмдөрү жөнүндө купуя маалыматты алып жатканда кармалгандыгы маалымдалды.

1623058
Россия Украинанын Санкт-Петербургдагы консулун камакка алды

Россиянын Федералдык Коопсуздук кызматы, Украинанын Санкт-Петербургдагы консулу Александр Сосонюкту "купуя маалымат берген" деген жүйөө менен камакка алды.

Россиянын Федералдык Коопсуздук кызматынын (ФСБ) билдирүүсүндө, Сосонюктун аты аталбаган орус жаранынан коопсуздук бөлүмдөрү жөнүндө купуя маалыматты алып жатканда кармалгандыгы айтылды.

Сосонюктун суракка алынгандыгы кабарланган билдирүүдө: «Бул иш дипломатиялык кызматкердин статусуна дал келбейт жана Россия Федерациясына ачыктан-ачык душмандык кылганын билдирет» деген сөздөр камтылды.



Тектеш кабарлар