Байден биринчи бетме-бет жолугушуусун өткөрдү

Байден менен Суга Йошихиде Ак үйдөгү жолугушуудан кийин маалымат жыйын өткөрүштү.

1623038
Байден биринчи бетме-бет жолугушуусун өткөрдү

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Президенти Жо Байден 2021-жылдын 20-январында кызматына киришкенден кийин биринчи бетме-бет жолугушуусун Ак үйдө Япониянын премьер-министри Суга Йошихидэ менен өткөрдү.

Байден менен Япониянын премьер-министри Суга Йошихиде Ак үйдөгү жолугушуудан кийин журналисттердин алдына чыгышты.

Жыйында эки өлкөнүн ортосундагы биримдикти дагы бир жолу баса белгилегендерин айткан Байден: «Биз Кытайдын Чыгыш Кытай деңизи, Түштүк Кытай деңизи сыяктуу темалардагы мамилеси жана Түндүк Корея маселесинде биргеликте иш алып барууга убада бердик»,-деди.

Байден Япония менен технология жана инновацияга инвестиция салуу боюнча макулдашышканын жана климаттын өзгөрүшүнө каршы биргелешип иш алып бараарын баса белгиледи.

Иран саясатына да токтолгон Байден: «Биз Ирандын 60 пайыз таза уран чыгарабыз деген билдирүүсүн колдобойбуз. Бул Иран менен түзүлгөн өзөктүк келишимге каршы келет»,-деди.



Тектеш кабарлар