АКШда полициянын 13 жаштагы баланы өлтүрүшүнө нааразычылык билдирилди

Полициянын зомбулугу күн тартибинен түшпөгөн АКШда полиция бул жолу 13 жаштагы бир баланы өлтүрдү.

1623139
АКШда полициянын 13 жаштагы баланы өлтүрүшүнө нааразычылык билдирилди

АКШнын Чикаго шаарында 13 жаштагы Адам Толедонун полиция тарабынан атып өлтүрүлүшүнө Нью Йоркто нааразычылык билдирилди.

Полициянын зомбулугу күн тартибинен түшпөгөн АКШда полиция бул жолу 13 жаштагы бир баланы өлтүрдү.

Көрүнүштөрдүн ортого чыгышынан кийин маалымат берген Чикаго полициясы 13 жаштагы баланын колунда курал бар экендигин айтууда. Баланын үй- бүлөсү менен адвокаты айтылгандарды четке кагып, Адам Толедонун колунда куралдын болбогондугун билдирди.

Толедону аткан полициянын 34 жаштагы Эрик Е. Стиллман экендиги жана окуядан кийин 30 күндүк административдик өргүүгө чыккандыгы билдирилди.

Толедону атуу учурундагы видеонун көрсөтүлүшү социалдык тармактарда полициянын зомбулугуна чоң каршы чыгууларды жаратты.

Бул окуяга Нью Йорктогу Barclays борборунун алдына чогулган "Black Lives Matter" кыймылынын колдоочулары нааразычылык билдиришти.



Тектеш кабарлар