Афганистанда Талибан кол салды
Кол салууда 3 полиция каза болду.
1623076
Афганистандын Герат аймагында Талибандын полиция пунктуна жасаган бомбалуу кол салуусунда 3 полиция каза болду.
Герат губернатору Сайед Вахид Катали террористтердин Зиндежан районунун Базар аймагындагы полиция пунктуна бомба жайгаштырылган унаа менен кол салгандыгын билдирди. Кол салууда 3 полиция каза болду. Катали кечээ террористтердин Гераттын Чашт, Уба, Гүлран, Кишк Кохне райондорунда да кол салгандыгын баса белгиледи.
Талибандан болсо азырынча бул тууралуу маалымат келе элек.