Нигерияда болгон этникалык кагылышуулар

Кагылышууда 19 киши каза болду.

1622712
Нигерияда болгон этникалык кагылышуулар

Нигериянын Гомбе штатындагы эки этникалык топтун кагылышуусунан улам 19 киши каза болду.

Улуттук маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, Баланга аймагындагы Лунгуда жана Важа этникалык топторунун ортосунда уланып жаткан зомбулукта дагы төрт адам каза болду.

Ушундайча жаңжалда каза болгондордун саны 19га жетти.

Жаңжалда көптөгөн үйлөр өрттөлүп, жүздөгөн адамдар үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушту.

Жаңжалдардан улам штатта коменданттык саат жарыяланды.

Гомбе штатында ар кандай топтордун ортосунда табигый ресурстар бөлүштүрүлө  албагандыктан  мезгил-мезгили менен зомбулук болуп турат.

 



Тектеш кабарлар