Ачкачылык менен күрөшүп жаткан Йеменде Ковид - 19 ылдам жайылууда

Йеменде жаңы инфекция толкунунун айынан Ковид  - 19 бейтаптарынын санында эки эсе көбөйүүнүн болгондугун эскертилди.

1622637
Ачкачылык менен күрөшүп жаткан Йеменде Ковид  - 19 ылдам жайылууда

БУУ дүйнөнүн эң чоң адамзаттык кризиси болгон жана ачкачылык коркунучу болгон Йеменде жаңы инфекция толкунунун айынан Ковид  - 19 бейтаптарынын санында эки эсе көбөйүүнүн болгондугун эскертти.

БУУнун Коопсуздук Кеңешине Йемендеги адамзаттык абалга байланыштуу маалымат берген БУУнун гуманитардык жардамдар боюнча жооптуу башкы катчысынын орун басары Марк Лоукок Ковид  - 19дун акыркы жумаларда Йеменге ылдам түрдө кайткандыгын айтты. Лоукок дүйнөнүн эң чоң адамзаттык кризиси болгон Йеменде акыркы 6 жумада жаңы толкундан улам бейтап санында эки эсеге өсүү болгонуна көңүлдөрдү бурду.

Ооруканалардын көп сандаган кишини кайтарууга мажбур болгондугун айткан Лоукок жакырчылык коркунучу менен да бет – бет келген Йеменде вирустун ылдам жайылууну улантып жатканы боюнча эскертти. Лоукок Йеменде апааттын жолун тосуу үчүн тараптарды согушту токтотуу, гуманитардык жардамдарды көбөйтүүгө чакырды.



Тектеш кабарлар