Столтенберг Орусияга «Украина» боюнча чакырык таштады
Йенс Столтенберг АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана АКШнын Коргоо министри Ллойд Остин менен НАТО Кеңешинин коргоо жана тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунан кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Орусияга «Украина» боюнча чакырык таштады.
Йенс Столтенберг АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана АКШнын Коргоо министри Ллойд Остин менен НАТО Кеңешинин коргоо жана тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунан кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.
Столтенберг, НАТОго мүчө министрлер жолугушууда Украинада жана анын айланасында Орусиянын аскердик курамын талкуулашканын айтты.
Бул 2014-жылы Крымды аннексиялап алгандан берки Россиянын эң чоң жыйылышы экендигин белгилеген Столтенберг: «НАТО шериктештери Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендүүлүгүн толугу менен колдоп, Россияны чыңалууну токтоосуз басаңдатууга, агрессивдүү позициясынан баш тартууга жана эл аралык милдеттенмелерин сактоого үндөйт. Бүгүнкү жолугушуу биздин биримдиктин маанилүү белгиси. Биз татаал жана атаандаштыкка багыт алган дүйнөдө НАТОну бекемдешибиз керек»,-деп айтты.
Тектеш кабарлар
Илхам Алиев Москвада Путин менен жолугушат
Эки лидер актуалдуу аймактык маселелер боюнча пикир алмашат.