Жибутиде кеме оодарылып 42 киши каза болду

Жибутиде адам аткезчилери 3 -мартта деңизге таштаган 80 мигранттан 20сы каза болгон.

1620514
Жибутиде кеме оодарылып 42 киши каза болду

Жибутиде мыйзамсыз мигранттарды ташыган кеменин оодарылышы менен каза болгондордун саны 42ге жетти.

Эл аралык Миграция Уюмунун Йемен катчысы Оливиа Хеодон кечээ оодарылган кемедеги жүргүнчүлөрдүн Йеменден жолго чыккандыгын билдирди. Хеадон кеменин оодарылышы менен каза болгондордун саны 42ге жеткендигин билдирди.

Эл аралык Миграция Уюмунун Чыгыш Африка жана Африка Мүйүзү боюнча дирекору Мухаммед Абликер кечээ твиттерден берген билдирүүсүндө Жибутиде мигранттарды ташыган бир кеменин оодарылгандыгын билдирип, кеменин адам аткезчилерине таандык экендиги тууралуу маалыматты берген.

Жибутиде адам аткезчилери 3 -мартта деңизге таштаган 80 мигранттан 20сы каза болгон.

 



Тектеш кабарлар