Россия АКШны эскертти

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Рябков АКШны Россия жана Крымдан алыс болуусу керектиги боюнча эскертти.

1620504
Россия АКШны эскертти

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Рябков АКШны Россия жана Крымдан алыс болуусу керектиги боюнча эскертти.

Украина -Россия чек арасында чыңалуу күч алган бул мезгилде АКШга таандык 2 аскердик кеменин Кара деңизге жайгаштырылышы күтүлүүдө.

Рябков бул кадамды «провокация»деп мүнөздөп : «Американын кемелеринин биздин жээгибизге жакын жерде аткара турган эч нерсеси жок. Бул бир көкүтүүчү кыймыл. Күчүбүздү сынап жатышат, нервибиз менен ойноп жатышат. Ийгиликтүү боло алышпайт»,- деди.

Окуя чыгуу коркунучу жогору экендигин белгилеген Рябков АКШны Россия менен Крымдан алыс болуусу керектиги боюнча эскертти.

Рябков Москванын Донбасстагы тургундарын коргогондугун жана коргоону улантарын айтты.



Тектеш кабарлар