Ооганстанда аскердик күзөт жайына Талибан кол салуусу болду

Бул окуя тууралуу өлкөнүн түндүгүндөгү 209-Шакин корпусунун командирлигинин өкүлү Мухаммед Ханиф Рызай маалымат берди.

1620461
Ооганстанда аскердик күзөт жайына Талибан кол салуусу болду

Ооганстандын түндүгүндөгү Балх провинциясындагы аскердик постко Талиб террористтеринин куралдуу кол салуусунан беш аскер курман болду.

Өлкөнүн түндүгүндөгү 209-Шакин корпусунун командирлигинин өкүлү Мухаммед Ханиф Рызай, террористтердин Балхтын Чимтал районундагы Серасяб аймагындагы аскердик постко куралдуу кол салгандыгын билдирди.

Кол салууда 5 аскер каза болгонун жана 2 аскер жаракат алганын айткан Рызай, кол салуудан кийинки кагылышууда 7 террорист жок кылынганын баса белгиледи.

Күбөлөрдүн айтымында, кол салуудан 10 аскер каза болуп, 5 аскер террористтер тарабынан туткунга алынган.

«Талибан» кыймылынын билдирүүсүндө, кол салууда 11 аскер курман болду деп айтылды.



Тектеш кабарлар