Донбасста кырдаал курч
Донбасста орусиячыл жикчилдер ок чыгарышты.
1620252
Украинанын чыгышындагы Донбасс аймагында орусиячыл жикчилдер аткан октон бир украин аскери каза болуп, 2 аскер жаракат алды.
Украинанын Куралдуу Күчтөрүнүн билдирүүсүндө, түн жарымынан (жергиликтүү) саат 07:00гө чейин жикчилдердин үч жолу ок атышпоо эрежесин бузгандыгы белгиленди.
Билдирүүдө, Донбасстын Майорское аймагында жикчилдер аткан октун натыйжасында украин армиясынын бир жоокери каза болуп, 2 аскердин жаракат алгандыгы кабарланды.