Керкүктө кол салууга даярданып жаткан террористтер кармалды
Бул тууралуу Керкүк полиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Амир Нури маалымат таратты.
Ирактын Керкүк шаарында террордук уюм ДЕАШка каршы операцияда 7 адам кармалды.
Керкүк полиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Амир Нури, полиция жана өзгөчө кырдаалдар тобунун шаардын борборундагы Панка Али районундагы дарекке тинтүү жүргүзгөнүн билдирди.
Операцияда 7 ДЕАШ мүчөсү кармалганын айткан Нури, террордук топтун Рамазан айында акцияга даярданып жатканы аныкталганын айтты.
Нури, биринчи суракта кармалган адамдар террордук уюмдун мүчөлөрү экендигин моюнга алышканын жана шаарга айыл жерлеринен кирип келишкенин билдирди.
Тектеш кабарлар
Францияда денге ысытмасынын учурлары көбөйүүдө
Жетекчилер Олимпиада учурунда вируска чалдыккандардын санынын көбөйүшү мүмкүн экенине басым жасашты.
АКШдан ирандык компания жана кишилерге санкция
АКШнын Каржы министрлигинин Чет элдик активдерди көзөмөлдөө кеңсеси (OFAC) билдирүү жасады.