Песков:«Россия АКШ менен мамилелердеги эң начар сценарийлерге даяр»

Песков борбор калаа Москвада журналисттерге берген билдирүүсүндө, Россия эч кимге коркунуч туудурбай турганын жактады.

1617451
Песков:«Россия АКШ менен мамилелердеги эң начар сценарийлерге даяр»

Россиянын Президенттик сарайынын (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков, анын өлкөсү Америка Кошмо Штаттары (АКШ) менен мамилелердеги эң начар сценарийлерге даяр экендигин билдирди.

Песков борбор калаа Москвада журналисттерге берген билдирүүсүндө, Россия эч кимге коркунуч туудурбай турганын жактады.

Россияга карата коркутууларды кабыл алуусу мүмкүн эмес экендигин белгилеген Песков: «Вашингтон менен мамилени жардан сүрүп чыгаруу идеясы бизди кубандырбайт, бирок, албетте, биз эч кимге, анын ичинде АКШга, бизди коркутуп-үркүтүүгө, кандайдыр бир нерсени бизге буйрук кылууга жана биздин кызыкчылыктарыбызга доо кетирүүгө жол бербейбиз»,-деп айтты.

Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавровдун АКШнын Россияга каршы санкциялык саясатын "акылсыз" деп аныктаганын колдой тургандыктарын билдирген Песков: «АКШнын биздин мамлекетке карата күтүүсүз, агрессивдүү жана кастык мамилеси бул саясатты сүрөттөө үчүн ар кандай сөздөрдү колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Лавров өзүнүн билдирүүлөрүндө мурдагыдай эле туура айтты»,-деп баасын берди.

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров дагы Казакстанда АКШ бийлигинин Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизет деген айыптоолор боюнча билдирүү жасап, «Биз Кошмо Штаттардын ар кандай достук эмес кадамдарына жооп беребиз»,-деди.

АКШнын Ачык асман келишиминен чыккандыгын эске салган Лавров, бул маселе боюнча АКШдан нота албагандыгын билдирди.

Орусиянын келишимден чыгуу процессин баштагандыгын эске салган Лавров, АКШнын бул келишимге кайтып келер-келбеси дагы эле белгисиз экендигин белгилеп, «Биз процессти баштадык. Түбөлүккө күтүү ниетибиз жок»,деген серебин салды.



Тектеш кабарлар