Асад режими Идлибге ракета атты

Бул тууралуу Жарандык коргонуу (Ак каскачандар) булактарынан маалымат алынган.

1617564
Асад режими Идлибге ракета атты

Сирияда Башар Асад режими тарабынан Идлибге кол салуу болуп, 4 жаран каза тапты.

Жарандык коргонуу (Ак каскачандар) булактарынан алынган маалыматка караганда, Асад күчтөрү Жисир аль-Шугур районундагы Нажийе айылында жүрүп бара жаткан унаага жылуулукка негизделип башкарылган ракета менен кол салган.

Кол салуунун натыйжасында 4 жаран, анын ичинде 2 жаш бала каза болуп, оор жаракат алган 2 бала ооруканага жаткырылды.



Тектеш кабарлар