Венесуэла БУУдан журдам сурады

Венесуэланын тышкы иштер министри Хорхе Арреаза Колумбиянын чек арада эреже бузган куралдуу топторго каршы күрөшүүдө БУУдан техникалык жана дипломатиялык жардам сурады.

1616459
Венесуэла БУУдан журдам сурады

Венесуэланын тышкы иштер министри Хорхе Арреаза Колумбиянын чек арада эреже бузган куралдуу топторуна каршы күрөшүүдө БУУдан техникалык жана дипломатиялык жардам сурады.

Арреаза борбор шаар Каракаста өткөн маалымат жыйынында чек аранын Венесуэла тарабына коюлган миналарды табуу жана жок кылуу үчүн БУУнун Минага каршы күрөшүү кызматы UNMASтан техникалык жардам сурагандыгын билдирди.

Венесуэланын куралдуу күчтөрүнүн аймакты миналардан тазалоо боюнча билими жана даярдыгы бар экендигин, бирок технологиянын өзгөргөнүн жана бул тармакта жаңы протоколдор бар экендигин белгилеген Арреаза, UNMASтын өз өлкөсүнүн куралдуу күчтөрүнө аймакты миналардан толук тазалоого кеңеш бере алат деп билдирди.

Арреаза БУУдан Колумбиялык куралдуу токтордун кайда жашынгандыгын белгилөө үчүн териштирүү ачууну да талап кылып, Колумбиянын президенти Иван Дюктун  бул топторду коргоп жатышы мүмкүн экендигин кыйытты.

БУУнун Венесуэла менен Колумбиянын чек ара аймагындагы кризиске карата  бирдикте иштөө үчүн араларында түздөн түз байланыш каналынын курулушуна жардам берүүсүн суранган Арреаза азыркы учурда эки өлкөнүн коомдук күчтөрүнүн арасында координациянын минимум деңгээлде экендигин айтты.

Чек арага жакын аймактарда жашаган 5 000ден ашуун венесуэлалыктын кагылышуулардан улам үйлөрүн тарштап Колумбияга өткөндүгү белгилүү болду.



Тектеш кабарлар