Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өлкөсү оор абалда экенин жарыялады

Бул тууралуу Түндүк Кореянын KCNA жаңылыктар агенттигиндеги кабардан алынган маалыматка орун берилди.

1616580
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өлкөсү оор абалда экенин жарыялады

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын, жаңы түрдөгү коронавирустун (Ковид-19) эпидемиясынын кесепетинен келип чыккан карантин жана экономикалык кыйынчылыктардан улам өлкөсү оор абалда калганын жарыялады.

Түндүк Кореянын KCNA жаңылыктар агенттигиндеги кабарга ылайык, Ким, өлкөнү башкарган Кореянын Жумушчу партиясынын «уюмдук катчыларынын» жыйынында сүйлөгөн сөзүндө өлкөнүн «көптөгөн кыйынчылыктарга туш болуп жатканын» жана «болуп көрбөгөндөй кыйынчылыктарды баштан кечирип жатканын» айтты.

Ким, партиянын баштапкы уюму болгон 5тен 30га чейинки жумушчу топторунун иштеринен жооптуу уюмдук катчыларынан ушул «эң оор кырдаалда» элдин турмуш деңгээлин көтөрүүгө салым кошууну суранды.

Түндүк Кореянын жооптуу кызматкерлери Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (ДССУ) өлкөдө Ковид-19 оорусу болгобонун билдиришкен.

Вирус менен күрөшүү «улуттук жашоонун маселеси» деп эсептелген Түндүк Кореянын расмий өкүлдөрү, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна берилген акыркы отчетто өлкө боюнча эч ким Ковид-19ду жуктурбагандыгын жарыялаган.

ДССУнун Түндүк Кореядагы өкүлү Эдвин Сальвадор эпидемия башталгандан бери өлкө боюнча 23121 адам текшерүүдөн өткөнүн, алардын 732си 26-марттан 1-апрелге чейин болгонун жана алынган анализдердин бардыгы терс болгонун билдирди.

Өлкөдө Ковид-19 шектенүүсү менен канча адам карантинге алынгандыгы жөнүндө маалыматтар ДССУ менен бөлүшүлбөгөндүгү белгиленди.

Түндүк Корея кечээ Ковид-19 эпидемиясынан сактап калуу үчүн Токио олимпиадасына өз спортчуларынын катышпай тургандыгын жарыялаган.



Тектеш кабарлар