Россия аскерлерин Украина чек арасында кармоону улантат

Россия Украина чек арасындагы аскердик күчүнүн бул жерде болууну улантарын билдирди.

1616742
Россия аскерлерин Украина чек арасында кармоону улантат

Россия Украина чек арасындагы аскердик күчүнүн бул жерде болууну улантарын билдирди.

Россия  -  Украина чек арасындагы чыңалуу бири бирине карата билдирүүлөр менен улантылууда.

Акыркы жолу бүгүн Кремль  Россиянын аскердик күчүн Украина чек арасында кармоону улантарын жарыялады. Кремль бул жердеги  аскерлердин эч бир коркунуч туудурбай тургандагын дагы бир жолу кайталады.

Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу кечээ берген билдирүүсүндө армияда пландуу бир «согуштук даярдык» текшерүүсүнүн башталгандыгын билдирген.

Украинанын башкы штабынын төрагасы Руслан Хомчак 30 -  мартта Россиянын машыгуу шылтоосу менен Украина чек арасына жакын жерлерге аскер жибергендигин айткан.

Кремль бир топ жолу кыймылдуулуктун өлкө чектеринин ичинде жана Россиянын өз каалоосунун негизинде болуп жаткандыгын билдирген.

Донбасстагы кризистин чечилишине байланыштуу Россия, Украина жана Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму ЕККУ кирген үч тараптуу байланыш тобу 2020-жылдын 27-июлуна карата ок атышууну токтотуу боюнча кеңири чечим кабыл алган.

2014-жылдан бери аймакта  көзкарандысыздык жарыялаган  орусиячыл жикчилдер менен Киев башкаруусунун ортосундагы кагылышууда 13 миңден ашуун адам өказа болгон.



Тектеш кабарлар