Путин Пашинянды кабыл алды

Басма сөз үчүн жабык өткөн жолугушуунун күн тартибинде Карабах болду.

1616798
Путин Пашинянды кабыл алды

Россиянын Президенти Владимир Путин Армениянын премьер-министри Никол Пашинянды кабыл алды.

Арменияда мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдыктар жүрүп жатканда, кызматтан кетүүгө камынып жаткан премьер-министр Пашинян, Орусиянын борбору Москвада президент Путин менен жолугушту.

Басма сөз үчүн жабык өткөн жолугушуунун күн тартибинде Карабах болду.

Пашинян региондогу туруктуулук жана коопсуздук үчүн Россиянын тынчтык күчтөрүнүн Карабахта болушунун маанисин баса белгиледи.

Жолугушууда, ошондой эле Арменияда боло турган кезексиз шайлоо, жаңы атомдук электр станциясынын курулушу, эки өлкөнүн аскердик-техникалык кызматташтыгы жана жаңы түрдөгү коронавирустун эпидемиясына каршы күрөшүү маселелери талкууланды.

Пашинян ошондой эле аларга орусиялык бир миллион доза Sputnik V вакцинасы берилет деген үмүтүн билдирди.

Пашинян менен Путиндин жолугушуусунун алдында Россиянын Коргоо министри Сергей Шойгу да армян кесиптеши менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Бул сүйлөшүүнүн дагы негизги темасы Карабах болду.



Тектеш кабарлар