Оксфорд-Астразенека вакцинасынын балдарга сыноосу убактылуу токтотулду

Европалык дары-дармек агенттиги (EMA) кечээ AstraZeneca вакцинасы менен кандын уюшунун ортосунда байланыш бар экендигин бирок себеби азырынча тактала электигин билдирди.

1616229
Оксфорд-Астразенека вакцинасынын балдарга сыноосу убактылуу токтотулду

Оксфорд университети, AstraZeneca фармацевтикалык компаниясы менен биргеликте иштеп чыккан коронавирустук (Ковид-19) вакцинаны балдарга сыноону токтотту.

Университет тарабынан жасалган билдирүүдө: «Педиатриялык клиникалык сыноолордо коопсуздук маселеси жок болсо дагы жаңы сыноолорго чейин Британиянын фармацевтикалык дары-дармек жана саламаттык сактоо каражаттарын жөнгө салуу органынан (MHRA) чоң кишилерде байкалган сейрек кездешүүчү тромбоз/тромбоцитопения (кандын уюшу) учурларын карап чыгуу боюнча кошумча маалымат күтөбүз» деген сөздөр камтылды.

Университет февраль айындагы билдирүүсүндө 6 жаштан 17 жашка чейинки 300 ыктыярчы менен сыноолорду өткөрөбүз деп маалымдаган эле.

MHRA Британияда Оксфорд-AstraZeneca вакцинасы менен эмделген 18,1 миллион кишиден 30унда кан уюп калганын жана алардын 7синин 24-марттан кийин каза болгонун кабарлап, бирок учурда тромбдун пайда болушу менен вакцинанын ортосунда байланыш бар экендигин көрсөткөн далил жок экенин билдирген.

Европалык дары-дармек агенттиги (EMA) кечээ AstraZeneca вакцинасы менен кандын уюшунун ортосунда байланыш бар экендигин бирок себеби азырынча тактала электигин кабарлады.

Кээ бир Европа өлкөлөрү вакцинаны колдонууну кандын уюшуна алып келет деген жүйө менен  убактылуу токтотуп же чектөө коюшкан.



Тектеш кабарлар