Мозамбикте 30 000 киши гуманиардык жардамга муктаж

Мозамбик өкмөтүнүн 30 күндө аймакка 585 миллион долларлык гуманитардык жардам жеткирери тууралуу маалымат берилди.

1616445
Мозамбикте 30 000 киши гуманиардык жардамга муктаж

 Инд океанынын жээгиндеги Чыгыш Африка  өлкөсү Мозамбикте  Ансар'ул Сунна террордук уюмунун Пальма аймагындагы кол салуусунан улам 30 000 киши чукул гуманитардык жардамга муктаж.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын кабарына караганда борбору Мозамбик болгон жардам мекемеси Улуттук апаатты башкаруу жана азайтуу институту 40 000ге жакын киши жашаган Пальмадагы коопсуздук маселесинен улам 9 000 кишинин Пемба, Муэда, Нангаде жана Монтепез сыяктуу аймактарга баш калкалагандыгын билдирди.

Маалыматта Пальмадагы кол салуулардан улам 30 000 кишинин чукул гуманитардык жардамга муктаж экендиги белгиленди.

Бир тараптан Мозамбик өкмөтүнүн 30 күндө аймакка 585 миллион долларлык гуманитардык жардам жеткирери тууралуу маалымат да берилди.

Мозамбикте Ансар'ул Сунна террордук уюмунун жарандарга карата кол салууларынан улам  көчүп кеткендердин саны 670 000ден ашты.

Мозамбикте жаратылыш газ жана кымбат баалуу минералдык ресурстар жайгашкан Танзаниянын чегиндеги Кабо Делгадо шаарында 4 жыл мурун пайда болгон террордук уюм Ансар'ул Суннанын кол салууларында 2 000ден ашуун адам каза болду.

Жергиликтүү тургундар бул кол салууларды уюштурган жана террордук уюм ДЕАШ менен байланышы бар экендиги ортого салынган куралдуу топту "Еш-Шебаб" деп аташууда.



Тектеш кабарлар