Канадада оорулуу мусулманды өлтүргөн полиция күнөөсүз деп табылды

Торонто полициясынын атайын тергөө бөлүмүнүн (ИИБ) директору Жозеф Мартино, бул тууралуу маалымат берди. Каршы чыгуулар уланууда.

1616334
Канадада оорулуу мусулманды өлтүргөн полиция күнөөсүз деп табылды

Канадада 62 жаштагы оорулуу мусулманды өлтүргөн полиция күнөөсүз деп табылды.

Торонто полициясынын атайын тергөө бөлүмүнүн (ИИБ) директору Жозеф Мартино, 2020-жылы 20-июнда болгон окуяда кризис абалындагы шизофрениялык бейтап Эжаз Чоудринин көкүрөгүнө эки ок аткан полиция кызматкеринин ок ачуу менен акылга сыярлык иш-аракет кылган деген жыйынтык чыгарганын жарыялады.

Мартинонун айтымында, жооптуу полиция Чоудри ага зыян келтирет деп чочулаган.

Кризистен улам анын үй-бүлөсү чукул эмес жардам телефон номерине чалгандан кийин үйүнө барган полиция, англис тилин билбеген 62 жаштагы төрт баланын атасы Эжаз Чоудриге бычакты ташта деп эскерткен.

Анын үй-бүлө мүчөлөрү анын англис тилин билбегенин айтышканына карабастан, кыйкырып, мылтыкты кезеп баса берген полициячылардын бири Чоудрини үйүндө эки жолу атып салган.

Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча жазуу жүзүндө билдирүү жасаган Чоудринин үй-бүлөсү «алар терең капалангандыгын, бирок чечимге таң калышкан жок» деп билдиришти.

Чоудринин коопсуздугу үчүн телефон чалынган полиция кызматкерлери аны батирге киргенден кийин бир нече секунддан кийин өлтүрүшкөнүнө көңүл бурган үй-бүлө: «Эжаз кылмыш кылган жок. Ал булардын эч бирисине татыктуу эмес эле»,-деген маалымат жазган.

Канада Мусулмандарынын Улуттук Кеңеши (NCCM) тарабынан жасалган, бул тынчсыздандырган чечимдин таң калыштуу эмес экендигин билдирген жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, «SIU иликтеген полиция кызматкерлерине дээрлик эч качан айып салган эмес. Полиция күч менен улгайган, алсыз кишинин үйүн бузуп кирген. Эжаз аванын полиция кызматкерлери билген психикалык саламаттыгына байланыштуу көйгөйлөр бар болчу»,деген серебин салды.

Билдирүүдө төмөнкүдөй көз-караштар камтылган: «Бизде санкциялардын жана жазалардын жоктугу, каралбай калган кароонун тутуму жана полициянын жоопкерчилигинин жоктугу менен курчалган чоң көйгөй бар. Бирок биз жоопкерчилик болбостон эч бир өзгөрүү жана адилеттүүлүк болбой тургандыгын билебиз. Эжаз аванын өлүмү үчүн жооптуу полиция төш белгиси жана мылтыгы менен көчөгө чыкпашы керек. Биз талап кылуудан жана күрөшкөндөн баш тартпайбыз».



Тектеш кабарлар