Индонезия менен Чыгыш Тимордогу селдерден каза болгондордун саны көбөйдү
Сел жана жер көчкүдөн кийин дайынсыз жоголгон 72 адамды издөө иштеринин улантылып жаткандыгы маалымдалды.
Индонезия менен Чыгыш Тимордо катуу жааган жамгырдан улам болгон сел жана жер көчкүлөрдүн кесепетинен каза тапкан адамдардын саны 155ке жетти.
Индонезиянын Өзгөчө кырдаалды башкаруу боюнча улуттук борборунун (BNPD) билдирүүсүндө, Чыгыш Нуса Тенггара провинциясынын Лембага шаарында 67, Чыгыш Флореста 49 жана Алордо 12 кишинин жансыз денесинин табылгандыгы кабарланды.
Сел жана жер көчкүлөрдөн кийин дайынсыз жоголгон 72 адамды издөө иштери улантылып жатканы маалымдалды.
Экинчи жагынан, Индонезиянын коңшу өлкөлөрүнүн бири болгон Чыгыш Тимордун борбору Дили жана ага жакын аймактардагы селдерден кийин каза болгондордун саны 27ге жетти.
Кечээ башталган селден улам миңдеген адамдар үйлөрүнөн эвакуацияланып, коопсуз аймактарга жайгаштырылды.
Тектеш кабарлар
Илхам Алиев Москвада Путин менен жолугушат
Эки лидер актуалдуу аймактык маселелер боюнча пикир алмашат.