Нигериядагы абактан жүздөгөн туткун качып кетти

Нигерия мамлекети тарабынан террористтик уюм деп жарыяланган IPOB көзкарандысыз мамлекет курууну каалайт.

1615077
Нигериядагы абактан жүздөгөн туткун качып кетти

Нигериянын Имо аймагында куралчан адамдар түрмөгө кол салып, жүздөгөн туткун качты. 

Имо аймагынын  борбору Оверридеги түрмөгө белгисиз куралчан адамдар кол салып, жүздөгөн туткундун качкандыгын  улуттук маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Кол салууда түрмө жана көптөгөн унаалар өрттөлгөн.

Мындай кол салуулар Нигериянын түштүгүндө жикчил Биафра жергиликтүү элдери IPOB тарабынан уюштурулуп турат.  

29 - мартта түштүк аймакта жүргүзүлгөн операцияларда 16 IPOB мүчөсү мылтык жана бомбалар менен кармалды.

Нигерия мамлекети тарабынан террористтик уюм деп жарыяланган IPOB көзкарандысыз мамлекет курууну каалайт.



Тектеш кабарлар