Канадада пастор полицияны кубалады

«Гестапого бул жерде орун жок, фашисттер дароо тышка чыккыла» ,- деп көптөгөн жолу полицияларга кыйкырган пастор полицияларды артка кайтарды.

1615110
Канадада  пастор  полицияны кубалады

Канаданын Калгари шаарында Польша тектүү канадалык пастор Артур Павловский чиркөөдө паскалия сыйынуусу учурунда Ковид  - 19  чектөөлөрүнөн улам  сыйынууну токтотууга аракет кылган 6  полиция кызматкерин кубалады.

«Гестапого бул жерде орун жок, фашисттер дароо тышка чыккыла» ,- деп көптөгөн жолу полицияларга кыйкырган пастор полицияларды артка кайтарды.

Полицияларды чиркөөдөн тышка чыгарган пастор : «Кеткиле, тинтүү буйругу болбостон кайтып келбегиле»,- деп полициялардын артынан кыйкырууну улантты.

Ковид-19 чектөөлөрүнө каршы айткан сөздөрү менен  белгилүү пастор Павловскийге өлкөдөгү саламаттык сактоо  эрежелерин бузган нааразычылык акцияларын уюштургандыгы үчүн бийлик тарабынан бир нече жолу айыппул салынган.



Тектеш кабарлар