ЙПГ/ПКК жай тургундардын үйлөрүн басып алды

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматтарга караганда, ЙПГ / ПКК Хасеке шаарынын борборундагы жалган башкы кеңсеси жайгашкан Спорт комплекс аймагындагы террордук аракеттерин жашыруу үчүн аймакты жарандардан тазалоодо.

1614892
ЙПГ/ПКК  жай тургундардын үйлөрүн басып алды

Жикчил террордук уюм ЙПГ / ПКК, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) күчтөрүнүн суранычы боюнча, Сириянын түндүк-чыгышында басып алган Хасеке шаарынын борборунда болжол менен 1500 жай тургунду үйлөрүнөн чыгарып, конфискациялады.

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматтарга караганда, ЙПГ / ПКК Хасеке шаарынын борборундагы жалган башкы кеңсеси жайгашкан Спорт комплекс аймагындагы террордук аракеттерин жашыруу үчүн аймакты жарандардан тазалоодо.

АКШ күчтөрүнөн бул багытта көрсөтмө алган ЙПГ / ПКК террористтери, коопсуздукту шылтоолоп карапайым адамдарга таандык 15 имаратты басып алышты. Сөз болуп жаткан үйлөр Хасеке шаарынын борборунда, АКШ күчтөрү жана ЙПГ / ПКК колдонгон имараттардын жанында жайгашкан.

Террористтер үйлөрүнөн чыгып кетүүнү каалабаган жана  уюмдун каалоосуна каршы чыккан жарандарды ок чыгарып коркутушту.

ЙПГ / ПКК компенсация төлөөгө убада бергенине карабастан, кыйналган үй ээлерине эч кандай төлөм төлөбөйт.

20 жылдай мурун курулган бул имараттардын ар бири 5 кабаттан туруп, эвакуацияланган батирлерде 1500гө жакын жаран жашашкан.

Террордук уюм ЙПГ / ПКК Хасеке шаарынын борборунун түштүгүндө жайгашкан спорттук комплексти жана ал жердеги штаб деп аталган имарат менен айрым имараттарды АКШ күчтөрү менен биргеликте колдонууда.



Тектеш кабарлар