Индонезияда болгон сел апаатында 55 киши каза болду

Каза болгондордун санынын көбөйүшүнөн тынчсыздануулар болууда.

1614897
Индонезияда болгон сел апаатында  55 киши каза болду

Индонезиянын Чыгыш Нуса Тенггара провинциясында нөшөрлөп жааган жамгырдын айынан болгон суу ташкынында каза болгон киши саны 55ке жетти. Табигый кырсыктан кеминде 42 адам дайынсыз болуп, 9 адамдын жаракат алгандыгы жарыяланды.

Индонезиянын Кырсыктарды алдын алуу боюнча улуттук борборунун өкүлү Радитя Жати, кечээ провинциянын Флорес шаарынын чыгыш тарабында жергиликтүү убакыт боюнча саат 11: 00дө нөшөрдүн айынан сел жүргөнүн жарыялады.

Жати ушул кезге чейин 55 кишинин сөөгү табылганын жарыялады. Кеминде 42 кишинин жоголгонун айткан Жати, жаракат алган 9 кишинин дарылангандыгын билдирди.

Жати кырсык болгон аймакта миңдеген кишинин жер которууга аргасыз болгонун, электр жарыгы өчүрүлүп, айрым жолдордун жабык экендигин белгиледи.

Селден кийин жүздөгөн кишинин  үйлөрүнүн зыян тартып, издөө - куткаруу иштери улантылууда. Каза болгондордун санынын көбөйүшүнөн тынчсыздануулар болууда. 



Тектеш кабарлар