ЕБнин жогорку жетекчилигинен Ливияга сапар жасалды

Бул тууралуу Европа Биримдигинин расмий өкүлдөрү маалымат беришти.

1614810
ЕБнин жогорку жетекчилигинен Ливияга сапар жасалды

Европа Биримдиги (ЕБ) Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель, Ливияга жар салынбастан жасаган иш сапарында ЕБ менен Ливиянын ортосундагы кызматташтык жакшыртылат деген билдирүүсүн жасады.

Европа Биримдигинин расмий өкүлдөрү берген маалыматка караганда, Мишель Ливиянын Президенттик Кеңешинин төрагасы Мухаммед Юнус ал-Менфи жана Ливиянын Улуттук Биримдик Өкмөтүнүн Премьер-министри Абдулхамид Дибейбе жана Ливиянын Улуттук Биримдик Өкмөтүнүн тышкы иштер министри Нежла аль-Менгуш менен борбор шаар Триполиде жолугушту.

Мишель социалдык тармактарда Ливиядагы байланыштары жөнүндө жазган билдирүүсүндө, Триполиге үмүт жана кыйынчылыктар учурунда барганын, «ЕБ, Ливия элинин жана анын жаңы администрациясын колдойт. Биз Биримдик катары эгемендүү жана гүлдөп өскөн Ливияга болгон колдообузду арттырууга даярбыз»,деген сөздөрдү жазды.

Сүйлөшүүлөр жөнүндө маалымат берген Европа Бирлигинин өкүлдөрү Мишелдин экономиканы калыбына келтирүү, башкаруу, кызмат көрсөтүү, туруктуулук жана коопсуздук, мыйзамдуулук, адам укуктары, гендердик теңчилик жана иммиграция сыяктуу маселелерде биргелешкен ишти күчөтүүгө даяр экендиктерин билдиргенин белгилешти.

Экинчи жагынан, Европа Биримдигинин Ливиядагы элчиси ушул айдын аягында Триполиге биротоло кайтып келери белгиленди.

Ливиянын тышкы иштер министри Нежла аль-Менгуш ошондой эле башка өлкөлөрдү Ливиянын жарандарына жана чет элдиктерге тез кызмат кыла алышы үчүн, элчиликтери менен консулдуктарын ачуу ишин тездетүүгө үндөдү.



Тектеш кабарлар