Украинанын тышкы иштер министри ЕККУнун учурдагы төрагасы менен сүйлөштү

Бул тууралуу Украинанын тышкы иштер министри Дмитро Кулеба Твиттерден жарыялады.

1614330
Украинанын тышкы иштер министри ЕККУнун учурдагы төрагасы менен сүйлөштү

Украинанын тышкы иштер министри Дмитро Кулеба Европада Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) учурдагы төрагасы Анн Линде менен Орусиянын Украинанын чек арасындагы аскердик ишмердүүлүгү боюнча телефон аркылуу сүйлөштү.

Кулеба Твиеттерден жарыялаган билдирүүсүндө Линди менен болгон телефон сүйлөшүүсүндө Орусиянын Крымдагы жана Донбасстагы коопсуздук кырдаалын курчутушу жана анын чек араларындагы аскердик мобилдүүлүгүн талкуулагандыгын билдирген.

Министр Кулеба телефондогу сүйлөшүүсүндө дипломатиялык сигналдарды жөнөтүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл буруп, Москваны кыйратуучу кадамдардан арылтууга көңүл бургандыгын белгиледи.



Тектеш кабарлар