Ватиканда "Крест жолу" жөрөлгөсү өткөрүлдү

"Крест жолу" жөрөлгөсүн Папа жетектеди.

1613929
Ватиканда "Крест жолу" жөрөлгөсү өткөрүлдү

Католиктердин руханий лидери Папа Франциск христиан дүйнөсү белгилеген Пасха майрамынын алдында "Ыйык Жума" деп аталган күндө өткөрүлгөн "Крест жолу" жөрөлгөсүн жетектеди.

Корунавирус (Ковид-19) эпидемиясы жана ага карата көрүлүп жаткан чараларга байланыштуу, бул ырым былтыркыдай эле Ватикандын Санкт-Петр аянтында быйыл чектелген сандагы коноктордун катышуусунда коомчулукка жабык өттү.

Христиан ишеничине караганда Иса Христостун Кудстагы Голгота аскасында айкаш жыгачка кадалып өлтүрүлүшү сыйынуу жана дуалар менен эскерилген бош аянттагы аземди Папа жетектеди.

"Крест жолу" жөрөлгөсү Ватиканга коңшулаш Рим шаарынын символу болгон тарыхый амфитеатр Колизейдин алдында жыл сайын өткөрүлүп келет.



Тектеш кабарлар