Түрк гуманитардык уюмдары Мадагаскарда муктаждарга жардам көрсөтүштү

Түркиянын Мадагаскарда туруктуу долбоорлорду аткарууга жана Мадагаскар менен кызматташтыгын чыңдоого чечкиндүү экендиги билдирилди.

1613872
Түрк гуманитардык уюмдары Мадагаскарда муктаждарга жардам көрсөтүштү

Түрк гуманитардык уюмдары Чыгыш Африкадагы арал өлкө Мадагаскарда 5000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратышты.

Түркиянын Диянет Фонду менен Апаат жана чукул кырдаалды башкаруу башкармалыгы (AFAD) тарабынан берилген 130 тонна күрүч, Толагнаро жана Амбоасары Атсимо шаарларындагы жуктаж үй-бүлөлөргө жеткирилди.

Мындан тышкары аймактын айрым жерлеринде ичүүчү суу үчүн резервуарлар орнотулду.

Мадагаскар элчилиги, жардамдардын эки өлкөнүн тилектештигинин алкагында ишке ашырылгандыгын, Түркиянын Мадагаскарда туруктуу долбоорлорду аткарууга жана Мадагаскар менен кызматташтыгын чыңдоого чечкиндүү экендигин билдирди.

Мадагаскар эли жана жетекчилери болсо түрк элине кең пейилдиги үчүн ыраазычылык билдиришти.



Тектеш кабарлар