Тайвандагы поезд кырсыгынын кесепети

Кырсыктан 51 адам каза болуп, 146 адамдын жаракат алгандыгы кабарланды.

1613893
Тайвандагы поезд кырсыгынын кесепети

Тайвандын Хуалянь шаарында поезддин рельстен чыгып кетишинин натыйжасында 51 адам каза болуп, 146 адам жаракат алды.

Улуттук маалымат каражаттарынын Тайвандын Транспорт министрлигине таянып берген кабарына караганда, 350 жүргүнчүнү ташыган 8 вагондуу поезд Хуалянь аймагына кирген туннелде рельстен чыгып кетти.

Поезддин 4-5-вагондору олуттуу зыянга учурап, окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр жана издөө-куткаруу топтору жөнөтүлдү.

Кырсыктан 51 адам каза болуп, 146 адамдын жаракат алгандыгы аныкталды.

Тайвандын лидери Цай Инг-вэн тиешелүү министрликтерден жана уюмдардан кырсык боюнча керектүү иликтөөлөрдү баштоону талап кылды.



Тектеш кабарлар