Кытайдын кемелери Япониянын аймактык сууларына кирип кетишти

Япониянын Жээк коопсуздугу кызматы, кытай кемелерин аймактан кетиши боюнча эскертти.

1613887
Кытайдын кемелери Япониянын аймактык  сууларына кирип кетишти

Кытайдын желеги илинген эки жээк күзөт кемеси кечээ Чыгыш Кытай деңизиндеги талаштуу Сенкаку аралдарынын айланасында Япониянын аймактык сууларына кирип кетти.

Өлкөнүн түштүк-батыш тарабындагы Окинава провинциясынын Наха районундагы 11-округдук жээк коопсуздугун камсыздоо боюнча штабдын маалыматына караганда, Кытайдын эки кемеси улуттук аймактык суулардын эрежесин бузду.

Кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:30 чамасында талаштуу Сенкаку аралдарынын айланасында сүзүп өткөн кемелер Минами-Кожима аралынын айланасында япон балык кармоочу кемелерине жакын келишти.

Япониянын Жээк коопсуздугу кызматы, кытай кемелерин аймактан кетиши боюнча эскертти.

Коомдук телекөрсөтүү NHK каналынын билдиргенине караганда, Кытайдын желеги илинген кемелер Сенкакунун айланасында быйыл 12 жолу Япониянын аймактык сууларына кирип кетишкен.



Тектеш кабарлар