Ирак нефтиге алмаштыруу үчүн Ливандан медициналык жардам алат

Ливандын саламаттык сактоо министри Хамед Хасан менен ирактык кесиптеши Хасан ет   -  Темими Ливандын Ирак нефтисине алмашуу үчүн медициналык тейлөөгө мүмкүнчүлүк түзгөн кеңейтилген кызматташуу келишимине кол коюшту.

1613965

Борбор шаар Бейруттагы Ливан саламаттык сактоо министрлигинде өткөн кол коюу аземинен кийин маалымат берген министр Хасан өлкөгө сапар менен келген Ирак делегациясына Ливандагы саламаттык сактоо мекемелери  сунуш кылган өнүккөн жана алдыңкы деңгээлдеги медициналык төйлөө тууралуу маалымат берилгендигин айтты.

Хасан 2019 - жылы эки мамлекеттин ортосунда түзүлгөн саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтык келишимине "Ливан Ирактын нефтисинин ордуна саламаттыкты сактоо боюнча төйлөөнү" талап кылган кошумча пункт киргизилгенин айтты.

Ирактык министр Темими болсо келишимдин кеңейтилишинин Иракта медициналык тармактын, Ливанда болсо экономиканын жанданышына жардам берерин белгиледи.

Темими «нефтиге медициналык тейлөө алмаштырылат» деген пунктун активдештирилиши үчүн Ливандын саламаттык сактоо министри жана башка министрлердин Багдатка барышын күтүшкөндөрүн айтты.

Тектеш кабарлар