Донбасста Украианын 2 аскери менен 1 жаран жаракат алды

Украина куралдуу күчтөрүнөн берилген маалыматта жикчилдердин кечээ 21 жолу ок атышпоо эрежесин бузгандыгы белгиленди.

1614104
Донбасста  Украианын 2 аскери менен 1 жаран жаракат алды

Кечээ Украинанын чыгышындагы Донбасста жикчилдердин ок атуусу менен 2 Украина аскери жана 1 жаран жаракат алды.

Украина куралдуу күчтөрүнөн берилген маалыматта жикчилдердин кечээ 21 жолу ок атышпоо эрежесин бузгандыгы белгиленди.

Донбасстын Золоте, Новоолександривка, Свитлодарск, Пищевик, Красногривка жана Донбасстын кээ бир аймактарында жикчилдердин кол салгандыгы билдирилген маалыматта, ок атуу менен Украина армиясынан 2 аскердин жана 1 эарандын жаракат алгандыгы билдирилди.

Маалыматта Европа Коопсуздук жана Кызматташуу Уюмунун өкүлдөрүнө бул тууралуу маалымат берилгендиги белгиленди.

Украинанын башкы штабынын төрагасы Руслан Хомчак 30 -  мартта парламентте сөз сүйлөп, Россиянын машыгуу шылтоосу менен Украина чек арасына аскер жибергендигин айткан.

Донбасстагы кризистин чечилишине байланыштуу Россия, Украина жана ЕККУдан турган үч тараптуу байланыш тобу 2020-жылдын 27-июлунан тарта ок атышууну токтотуу боюнча кеңири чечим кабыл алган.

2014 - жылдан бери бул аймакта көзкарандысыздыгын жарыялаган Россия жактоочусу жикчилдер менен Киев башкаруусунун ортосундагы кагылышууда 13 миңден ашуун адам каза болгон.

 

 

 



Тектеш кабарлар