Россия твиттерге акчалай жаза берди

Твиттерге каршы козголгон иш Москвадагы Таганский сотунда каралды.

1613716
Россия твиттерге акчалай жаза берди

Россиянын борбор шаары  Москванын  шаардык соту административдик мыйзам бузгандыгы үчүн твиттерге 3,2 миллион рубль айып салды.

Россиянын Федералдык маалыматтык технологиялар жана массалык коммуникацияны көзөмөлдөө органы (Роскомнадзор) тарабынан Твиттерге каршы козголгон иш Москвадагы Таганский сотунда каралды.

Россияда тыюу салынган мазмундарга твиттер аркылуу кирүү мүмкүнчүлүгүнөн улам фирманын мыйзамга баш ийбегендиги тууралуу өкүм чыгарган сот, твиттерге  3, 2 миллион рубль (42 000 даллрага жакын) акчалай жаза берди. 

Роскомнадзор 10 -  мартта чыгарган чечим менен жан кечтилик, уятсыз жана банги заттарды колдонууга түрткөн мазмундарды алып салган эмес деген негиз менен твиттердин ылдамдыгын мобилдик аппараттарда 50 пайыздык деңээлде акырындаткан. 



Тектеш кабарлар