"Евровидение" ыр сынагына быйыл көрүүчүлөр катышат

"Евровидение" ыр сынагынын быйыл чектелүү сандагы көрүүчүлөр менен өткөрүлүшүнө уруксат берилди.

1613814
"Евровидение" ыр сынагына быйыл көрүүчүлөр катышат

Былтыр коронавируска (Ковид-19) байланыштуу жокко чыгарылган "Евровидение" ыр сынагынын быйыл чектелүү сандагы көрүүчүлөр менен өткөрүлүшүнө уруксат берилди.

Сынак 2019-жылы Израилде өткөн сынакта жеңишке жетишкен Нидерландиянын Роттердам шаарында болот.

Сынакты нидерландиялык Дункан Лоренс жеңген болчу.

Нидерланд өкмөтү быйылкы сынакка 3500 көрүүчүнүн катышуусуна уруксат берди.

Ага ылайык, иш-чара өтүүчү жайдын жарымы толот жана күйөрмандар залга кирерден мурун Ковид-19 тесттинен өтүшү керек.

Экинчи жагынан, Нидерландияда катуу чектөөлөр уланып жатат.

Өткөн жумада премьер-министр Марк Рютте жалпы улуттук коменданттык саат жана берки коронавирустук чектөөлөр ушул айдын аягына чейин үч жумага узартылат деп жарыялаган эле.

«Евровидение» ыр сынагы үчүн акыркы түзөтүүлөр айдын аягында белгилүү болот.

Өлкөдөгү бейтаптардын санынын өсүшүнө жараша көрүүчүлөрдүн санынын кыскартылышы мүмкүн экени айтылууда.



Тектеш кабарлар