Эпидемия мезгилинде өлүү төрөлгөн ымыркай жана эне өлұмдөрүнүн катнашы өстү

The Lancet Global Healthде жарыяланган, 17 өлкөдө жүргүзүлгөн 40 иликтөөгө негизделген отчетто Ковид- 19 эпидемиясынын кош бойлуулардын жана жаңы төрөгөн энелердин психикалык саламаттыгына терс таасири бар экендиги баса белгиленди.

1613623
Эпидемия мезгилинде өлүү төрөлгөн ымыркай жана эне өлұмдөрүнүн катнашы өстү

 Ковид- 19 эпидемиясында жалпы дүйнөдө өлүү төрөлгөн ымыркай жана эне өлүмдөрүндөгү катнаштар үчтөн бир эсеге көбөйгөн.

The Lancet Global Healthде жарыяланган, 17 өлкөдө жүргүзүлгөн 40 иликтөөгө негизделген отчетто коменданттык саат, төрөт кызматтарынын үзгүлтүккө учурашы жана саламаттык сактоо борборлоруна баруудан баш тартуунун кош бойлуулук тууралуу коркунучтарды арттыргандыгы белгиленди.

Эпидемия мезгилинде жалпы дүйнөдө өлүү төрөлгөн ымыркай жана энелердин өлүм катнаштарынын болжол менен үчтөн бир эсеге көбөйгөнүнө көңүл бурулган отчетто Ковид- 19 эпидемиясынын кош бойлуулардын жана жаңы төрөгөн энелердин психикалык саламаттыгына терс таасири бар экендиги баса белгиленди.

Отчетто эпидемиялык мезгилде төрөттөн кийинки депрессия, энелердин тынчсыздануусу же экөөсүнүн тең күчөгөнү айтылган.

Лондондогу Сент-Джордж университетинин профессору Асма Халил : «Ковид-19 эпидемиясынын саламаттыкты сактоо тутумуна таасири чоң. Эпидемия энелердин жана ымыркайлардын, айрыкча, кирешеси төмөн жана орто өлкөлөрдө алдын алууга мүмкүн болгон өлүмгө алып келди»,-  деди.

 



Тектеш кабарлар