АКШ Палестинага 125 миллион доллар жардам жиберүүгө даяр

АКШ башкаруусунун Палестинага жалпы 125 миллион долларлык жардам жиберүү тууралуу Конгресске маалымат бергендиги билдирилди.

1613480
АКШ  Палестинага 125 миллион доллар жардам жиберүүгө даяр

АКШ башкаруусунун Палестинага жалпы 125 миллион долларлык жардам жиберүү тууралуу Конгресске маалымат бергендиги билдирилди.

Эң көп Конгресс кабарларын берген "The Hill" аттуу маалымат сайтында орун алган жана Конгресс булактарына таяндырылып берилген кабарга караганда Жо Байден башкаруусу Дональд Трамп мезгилинде токтотулган жардамдарды кайрадан активдештирүүдө.

Ушунун негизинде Байден башкаруусунун Палестинага 125 миллион долларлык жардам пакетин жиберерин Конгресске билдиргени маалымдалды. Каралып жаткан жардамдын көпчүлүгү 2020-жылдын бюджетине киргизилгени, бирок Трамп башкаруусу тарабынан токтотулгандыгы белгиленди.

Кабарга караганда бул сандын 75 миллион доллары батыш Шериа жана Газадагы экономикалык абалдын жакшыртылышы жана негизги адамзаттык муктаждыктардын камсыз кылынышы, 40 миллион долларынын Палестинадагы коопсуздук кызматташуу программасы жана 10 миллион доллары да Палестина менен Израиль элдеринин ортосундагы макулдашуулар үчүн колдонууга бөлүнөт.

Байден башкаруусу Израил менен Палестинанын ортосунда эки мамлекеттүү чечим табуу үчүн аракеттерин күчөтүп, Трамп мезгилиндеги жардамдарды Палестинага кайра жеткирүүнү улантарын жарыялаган.



Тектеш кабарлар