Россия С-400 системаларын сыноодон өткөрдү

Россия Федерациясына караштуу Бурят Республикасынын Телемба полигонунда өткөн аскердик машыгууда С-400 зениттик-ракеталык системалары колдонулду.

1611525
Россия С-400 системаларын сыноодон өткөрдү

Россия С-400 зениттик-ракеталык системаларын сыноодон өткөрдү.

Россиянын Коргоо министрлиги, Түркия дагы ээ болгон С-400 абадан коргонуу системаларынын жайгаштырылышын жана атуусун көрсөткөн видео жарыялады.

Россия Федерациясына караштуу Бурят Республикасынын Телемба полигонунда өткөн аскердик машыгууда С-400 зениттик-ракеталык системалары колдонулду.

Түркиянын абадан жана ракетадан коргонуу муктаждыктарын канааттандыруу максатында С-400 алыс аралыкка атуучу зениттик-ракеталык системаларын сатып алуу келишимине 2017-жылдын 11-апрелинде Россия менен кол коюлган болчу.

Түркия бул жаңы муундагы абадан жана ракетадан коргонуу тутумунун төрт батареясын сатып алды.

Батареялардын Түркия үчүн аймактагы коркунучтардан натыйжалуу коргоону камсыз кылышы күтүлүүдө.

Система 600 километр алыстыктагы бутаны аныктай алат, 30 чакырымга көтөрүлүп бир эле учурда 400 чакырым алыстыктагы 80 бутага сокку ура алат, ошондой эле жашыруун учактарды жана баллистикалык ракеталарды ийгиликтүү жок кыла алат.



Тектеш кабарлар