Дүйнөдөгү 24 өлкөнүн лидери жана ДССУ пандемия боюнча ачык кат жарыялады

24 лидер менен Гебреисус биргелешкен кат жарыялады.

1611130
Дүйнөдөгү 24 өлкөнүн лидери жана ДССУ пандемия боюнча ачык кат жарыялады

Дүйнөдөгү 24 лидер менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Адханом Гебреисус өлкөлөрдүн эпидемияга каршы күрөшүү жана даярдык боюнча жаңы эл аралык келишимди түзүү үчүн биргеликте иш алып барышы керектигин баса белгиледи.

24 лидер менен Гебреисус биргелешкен кат жарыялады.

Франциянын Le Monde гезитине жарыяланган ачык катта; Франция, Португалия, Англия, Германия, Руанда, Греция, Чили, Кения, Албания, Түштүк Африка Республикасы, Нидерландия, Тунис, Сенегал, Украина, Индонезия, Фиджи, Румыния, Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель, Түштүк Корея, Коста-Рика, Тринидад жана Тобагонун, Испаниянын, Норвегиянын, Сербиянын президенттери же премьер-министрлери жана ДССУнун башкы директору Тедрос Адханом Гебреисус жаңы түрдөгү коронавирустун (Ковид-19) дүйнөлүк коомчулук туш болгон 1940-жылдан берки эң чоң көйгөй экендигин баса белгилешти.

Дүйнөдө башка эпидемиялар келээри айтылган катта, бир дагы өкмөт эпидемияга каршы жалгыз өзү күрөшө албастыгы белгиленди.

Катта эпидемияга каршы координациялуу күрөшүү жана натыйжалуу күрөшүү керектиги айтылган.

«Биз ушул пандемияга жана андан кийинкилер үчүн коопсуз, натыйжалуу жана арзан вакциналарга жана дары-дармектерге бирдей жана жалпы жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга умтулабыз»,делген катта вакцинанын мүмкүн болушунча тезирээк чыгарылып, таратылышы керектиги айтылган.

Катта, «Өлкөлөр пандемияга каршы даярдык жана күрөшүү боюнча жаңы эл аралык келишимди иштеп чыгууда биргеликте иш алып барышы керек деп эсептейбиз»,деген билдирүүсү камтылган.



Тектеш кабарлар