Суэц каналында кургактыкка чыккан кеме сүзө баштады

Суэц каналы башкармалыгынын төрагасы Усаме Раби кемени сүздүрүү үчүн эвакуаторлор менен жүргүзүлгөн иштердин оң жыйынтык бергендигин жана кеменин ийгиликтүү сүздүрүлө баштагандыгын айтты.

1610430
Суэц каналында кургактыкка чыккан кеме сүзө баштады

Суэц каналы башкармалыгынын төрагасы Усаме Раби каналда  кургактыкка чыккан "The Ever Given" аттуу кемени сүздүрүү  иштеринин негизинде  арткы тарабынын кыймылдатылгандыгын жана багытынын 80 пайыз оңолгондугун белгиледи.

Рабби берген жазуу түрүндөгү маалыматында кемени сүздүрүү үчүн эвакуаторлор менен жүргүзүлгөн иштердин оң жыйынтык бергендигин жана кеменин ийгиликтүү сүздүрүлө баштагандыгын айтты.

Кеменин арткы тарабынын жэкке жакындыгы 4 метр болгон болсо азыркы учурда 102 метрге жеткендиги жана багытынын 80 пайызынын оңдолгондугун айткан Раби эл аралык коомго да кемени сүздүрүү иштери аяктагандан кийин Суэц каналынын кайрадан унааларга ачылары тууралуу маалымат берди.

Айрым соцтармак колдонуучулары түнү суу деңгээлинин жогорулашыкеменин кыймылдатылышын жеңилдеткендигин билдиришти.

Египет президенттигинин кеңешичиси Ихаб Мемиш бүгүн эрте мененки билдирүүсүндө Суэц каналында кургактыкка чыккан кемени сүздүрүү иштеринин ийгиликтүү болгондугун, кеменин ордунан жылдырылып, бир бөлүгүнүн сууга киргендигин жарыялаган.



Тектеш кабарлар